АКШнын президенти Дональд Трамп Ооганстандагы “Талибан” кыймылы менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө канааттанып турганын билдирди.
Өткөн аптада АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад менен “Талибан” кыймылынын өкүлдөрүнүн Катардагы жолугушуусу алты күнгө созулду.
30-январда Трамп "Твиттер" баракчасына “Ооганстанда 18 жылдан берки согушту аяктоо боюнча сүйлөшүү иштиктүү илгерилеп баратат”, деп жазды.
“Уруш уланып жатат, бирок ооган эли согуш бүтүп, тынчтыктын келишин каалайт. Сүйлөшүүлөрдөн натыйжа чыгабы, жакында көрөбүз”, деп жазды Трамп.
27-январда Халилзад Кабулга кайтып баргандан кийин: “Мурдагы сүйлөшүүлөргө салыштырмалуу бул жолугушуу натыйжалуу болду. Өтө маанилүү маселелер боюнча олуттуу прогресске жетиштик”, - деп айтты.
«Нью-Йоркс Таймс» басылмасы Халилзадга шилтеме кылып, Катардагы жолугушууда АКШ менен “Талибан” кыймылынын расмий өкүлдөрү өз ара макулдашуунун жалпы шарттары боюнча бир чечимге келишкенин жазды.