Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:54

Орусия: депутатка киши өлтүрүү боюнча айып коюлду


Рауф Арашуков.
Рауф Арашуков.

Москванын Басман райондук соту 30-январда Орусиянын Федерация Кеңешинин мүчөсү Рауф Арашуковду эки айга камакка алды.

Жараяндын алдында Арашуковдун адвокаты ага күнөөнү моюнга алуу тууралуу коркутуп-үркүтүү болгонун билдирди. Тергөө комитетинин басма сөз катчысы Светлана Петренконун маалыматына караганда, Рауф Арашуковго Кылмыш-жаза кодексинин үч беренеси менен айып коюлду. Сенатор "эки кишини өлтүргөн, кылмыштуу топ түзгөн жана күбөгө кысым көрсөткөн" деп күнөөлөнүп жатат.

Мамлекеттик айыптоочулор сотто Арашуковдун бул кылмыштарга катышканы тууралуу далилдер жетиштүү экенин маалымдашты. Ал эми шектүү өзүнө коюлган күнөөлөрдү моюнга алган жок.

Орусия Федерация Кеңешиндеги Карачай-Черкес Республикасынын өкүлү болгон Рауф Арашуков 30-январда эртең менен Федерация Кеңешинин жыйыны учурунда кармалып, камакка алынган. Ушул эле күнү анын атасы Раул Арашуков "кылмыштуу топ түзгөн жана өтө чоң өлчөмдө алдамчылык кылган" деген шек менен Санкт-Петербургда кармалды. Ал «Газпром» компаниясынын 30 миллиард рублга бааланган жаратылыш газын уурдаган деп шектелүүдө.

XS
SM
MD
LG