Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:54

Бээжинде өзөктүк куралы бар беш өлкөнүн өкүлдөрү жолугушту


Кытай. Бээжин шаары.
Кытай. Бээжин шаары.

30-январда башталган жыйын бүгүн, 31-январда да уланат. Катышуучулар өзөктүк куралдардын жайылышынын алдын алууну талкуулашат.

Жыйынга Франциянын, АКШнын, Орусиянын, Британиянын жана Кытайдын өкүлдөрү катышууда. Бул мамлекеттер Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин мүчөсү жана ар бири өзөктүк куралга ээлик кылат.

Жолугушуу 1987-жылы Кошмо Штаттар менен Советтер Союзунун ортосундагы өзөктүк куралдар жөнүндөгү келишимдин тагдыры суроо жаратып жаткан учурга туш келди.

Ал арада АКШ Орусия менен Кытайды өздөрүнүн өзөктүк программалары тууралуу кеңири маалымат берүүгө чакырды.

АКШнын мамлекеттик катчысынын куралдарды көзөмөлдөө жана эл аралык коопсуздук боюнча орун басары Андреа Томпсондун айтымында, өзөктүк куралды таратпоо тууралуу макулдашуунун негизинде ачык-айкындыкка жетишүү кыйын болуп жатат.

XS
SM
MD
LG