Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:36

Кыргыз өкмөтү Суу кодексин өзгөртүүнү сунуш кылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөттүн Суу кодекси менен «Суу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча сунушу бүгүн парламент сессиясында экинчи окууда каралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маселе 21-январда тармактык комитетте талкууланып, экинчи окуудан өткөн. Анда суу ресурстарын пайдалануунун жол-жоболору жазылганы кабарланды.

Өкмөттүн сунушу менен Суу кодексине 2017-жылы өзгөртүү киргизилип, бул аракет жарандык коомдун нааразылыгы менен коштолгон. Ал документте Кумтөр кениндеги Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү "эрип кеткендиктен кен казууга уруксат берүү" каралган.

Эгер мыйзам ишке кирсе, Кумтөр кенин иштеткен канадалык "Центерра Голд" компаниясы бул эки мөңгүдө тоскоолдуксуз иш жүргүзө алмак. Буга бир катар экологдор, жарандык активисттер каршы чыккан. Алар мыйзамды өзгөртүү айлана-чөйрөгө олуттуу зыян тийгизерин айтып, аны четке кагууну талап кылып сотко кайрылышкан. (NT)

XS
SM
MD
LG