Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:33

Башкы прокуратура жаңы кодекстер боюнча түз байланыш уюштурду


Башкы прокуратуранын имараты.
Башкы прокуратуранын имараты.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, түз байланыш телефондору бардык бөлүмдөрдө ишке киришти.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов жаңы кодекстерди колдонууда келип чыккан суроолорго жооп берип, түшүнүксүз жагдайларды ыкчам жөнгө салыш үчүн жумушчу топ түзүүнү да тапшырган.

Кыргызстанда 1-январдан тартып Кылмыш-жаза, Жазык-процессуалдык, Жазык-аткаруу, Жоруктар жана Тартип бузуу жөнүндө беш жаңы кодекс күчүнө кирген.

Алардын негизинде эселеп көбөйгөн айыппулдар, айрым кылмыштарга жазанын жеңилдетилгени социалдык тармактарда талкууга алынып, коомчулуктун бир катар өкүлдөрүнүн нааразылыгын жаратууда.

Парламент кодекстер "чийки" экенин билдирип өкмөттү айыптаган. Эл арасында айрыкча жаңы кодекстердеги укуктук жоболор көп түшүнбөстүк жаратууда.

Жарандар түз байланышка төмөнкү телефондор аркылуу чыкса болот:

Башкы прокуратура: (312) 54-36-11, 54-29-69, 54-28-53;

Аскер прокуратурасы: (312) 62-47-29;

Кыргыз транспорт прокуратурасы: (312) 56-73-31;

Жаза аткаруу системасындагы мыйзамдардын сакталышы боюнча: (312) 56-70-11;

Бишкек шаары: (312) 32-30-89, 32-35-41;

Чүй облусу: (0312) 60-31-41;

Ош облусу: (03222) 2-61-87, 2-48-11, 2-66-67

Ош шаары: (03222) 2-41-53

Жалал-Абад облусу: (03722) 5-31-75, 2-40-91, 5-32-74

Ысык-Көл облусу: (03922) 5-05-80, 5-29-03, 5-33-91, +996 555 32 22 78, 555 93 00 30, 552 20 20 02;

Нарын облусу (03522) 5-15-48, 5-08-37, 5-52-31;

Баткен облусу (03622) 5-05-07, 5-02-09, 5-01-53, 5-04-41, 5-01-16;

Талас облусу (03422) 5-27-54, 5-32-94, 5-21-94;

Башкы прокуратурадагы Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринин номуру: (0312) 56-61-03. (NT)

XS
SM
MD
LG