Жаңы дайындалган транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов менен финансы министри Бактыгүл Жээнбаева 31-январда Жогорку Кеңеште ант беришти. Ант берүү аземине президент Сооронбай Жээнбеков катышты.
Жанат Бейшенов мурдагы министр Жамшитбек Калиловдун ордуна дайындалды. 5-декабрда министрдин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар пара менен кармалган. Ошондон кийин Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков бул окуя үчүн мурдагы министрди катуу уяткарган. Көп өтпөй Жамшитбек Калилов өз арызы менен кызматтан кеткен.
Ал эми Бактыгүл Жээнбаева мурдагы министр Адылбек Касымалиевди алмаштырды. Жээнбаева мурда Улуттук банкты, Айыл банкты жетектеп келген. (ZKo)