Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:14

Опера жана балет театрынын жетекчиси алмашты


Опера жана балет театрынын имаратына илинген жарнама.
Опера жана балет театрынын имаратына илинген жарнама.

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору Болот Осмонов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык Болот Осмонов өзү жазып берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду. Анын ордуна Керим Турапов жетекчи болуп дайындалды.

19-январда Улуттук опера жана балет театрында "Dota-2" тармактык компьютер оюндарынын мелдеши болуп, ал театр сүйүүчүлөрдүн сынына кабылган. Кийинчерээк маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов театрдын жетекчилигинин кызматтык жоопкерчилиги каралаарын билдирген.

"Dota 2" киберспорту - спорттун дүйнөлүк алкакта таанылып бараткан жаңы түрү. 2016-жылы Кыргызстанда Киберспорт федерациясы түзүлгөн.

2015-жылы Опера жана балет театрынын сахнасына дасторкон жайылып, жеке адамдын урматына шаан-шөкөт өткөнү, ага аткаминерлер катышканы катуу сынга кабылган эле. (KR)

XS
SM
MD
LG