Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын (Мамэкотехинспекция) төрагасынын орун басарлыгына жаңы дайындалган Шайлоо Нарбеков соттон акталып чыкканын жана кылмыш жоопкерилигине тартылбаганын "Азаттыкка" билдирип, муну каралоо катары баалап, жалган маалымат таратып жаткандарды сотко берүүгө даяр экенин айтты.
- Менин үстүмдөн арыз деле түшкөн эмес, болгону ыкчам кызматкерлер өз ишин кылды да. Мени "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды" деген версия менен гана суракка чакырышкан. Бирок кийин мен Биринчи май райондук сотунан да акталып, шаардык соттон, кийин Жогорку соттон да толук акталдым. Акталган соң кайра өзүмдүн кызмат ордума кайтып келип ишимди уланткам. Мага моралдык компенсация да төлөп беришкен. Анан бул жакка келип кайра кызматка олтурганда эмнеге аны эстеп калышты, билбейм, - деди Шайлоо Нарбеков.
Ал "Азаттык" менен болгон берген маегинде өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев менен классташ болбогонун да кошумчалап, премьер-министр Кочкордо, ал эми өзү Талас облусунда окуганын айтты.
Буга чейин Интернет булактарда "Шайлоо Нарбеков кылмышка айыпталган жана ал өкмөт башчынын классташы" деген маалымат тараган. (KR)