Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:03

Өкмөт башчы жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоону тапшырды


Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев энергетика тармагынын жетекчилери менен. 31-январь, 2019-жыл. Бишкек.
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев энергетика тармагынын жетекчилери менен. 31-январь, 2019-жыл. Бишкек.

Мухаммедкалый Абылгазиев алдыңкы күндөргө болжолдонуп жаткан суукка байланыштуу өлкөдөгү энергетикалык объектилерди текшерүү зарыл экенин белгиледи. Премьер-министр бул боюнча атайын кеңешме чогултуп, тиешелүү жетекчилерден көмүрдүн запасына жана социалдык мекемелердин жылуулук абалына көңүл бурууну талап кылды.

Кеңешмеде ошондой эле бир нече күн мурун Бишкек ЖЭБинде болгон мүчүлүштүктөрдү жоюу жаатында да сөз болуп, өкмөт башчы жылуулук тармактарында түрдүү көйгөйлөрдү ыкчам жоюуга даяр болууну тапшырды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мындан тышкары тармак жетекчилерине энергетикалык мекемелерге отунду учурунда жана толук көлөмдө камсыз кылууну, ГЭСтердеги жабдуулардын бузулбай иштешин камсыздап, суук күндөрү жылуулукту үзгүлтүксүз берүү зарыл экенин айтты. Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Синоптиктер февраль айынын башында Кыргызстанда суук түшүшү мүмкүн экенин билдирип жатышат.

Былтыр январь айынын аягында ызгаардуу суукта Бишкек Жылуулук электр борборунун эски агрегаттарга суу бөлүп берүүчү жабдыктары иштебей калып, башкалаанын тургундары жылуулуксуз калган. Өндүрүштүк кырсыктан кийин 386 млн. доллар насыя жумшалган долбоор туура эмес ишке ашырылганы айтылып, мурдагы өкмөт башчылар баш болгон бир нече аткаминерлер камакка алынган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG