Түркмөнстандын бийлиги транспорт тармагынын басымдуу бөлүгүн менчиктештирүүнү жана бара-бара Илимдер академиясын каржылоону токтотууну көздөп жатат. Президент Гурбангулы Бердымухаммедовдун шаршемби күнкү токтомунда мындай чара өлкө экономикасынын атаандаштык жөндөмүн арттыруу, орто, чакан ишкерликти колдоо жана инвестиция тартуу үчүн көрүлүп жатканы айтылат.
Президент Юстиция министрлигине транспорт тармагын реформалоо үчүн үч ай ичинде мыйзам долбоорун даярдоого тапшырма берди. Чет өлкөлүк компанияларга менчиктештирилген тармакка инвестиция салууга болор-болбосу такталган жок. Ал эми Илимдер академиясына үч жылдан кийин каражат берүү толук токтойт.
Табигый газга бай өлкөдө акыркы кезде энергетикалык сектордун иши солгун тартып, тамак-аш кымбаттап, карапайым эл каржалып турган чагы.