Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлү Эдуард Ауэр радикализмдин жана экстремизмдин алдын алуу максатында билим берүү, диний билим берүү, имамдарды окутуу боюнча долбоорлорду чогуу ишке ашырууну сунуш кылды.
Ал мындай сунушун 30-январда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов менен жолуккан учурда айтты.
Жолугушууда тараптар диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, дин тутуу эркиндиги, адам укуктары, экстремизм менен радикализмдин алдын алуу, жарандардын радикалдашуусуна бөгөт коюу максатында дин жаатындагы актуалдуу, маанилүү маселелерди талкуулашты.
Зайырбек Эргешов диний чөйрөдө жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясат боюнча Евробиримдиктин өкүлүнө кеңири маалымат берди. Өз сөзүндө ал конфессия аралык мамилелерди жакшыртууда мамлекет көрүп жаткан чараларды белгилей кетти.
Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын басма сөз кызматы маалымдады.
Кыргызстанда бардык диний билимди координациялаган Ислам академиясын түзүү жана диний билим берүүнү орто мектептерге киргизүү тууралуу сунуштар айтылып келет. (ZKo)