Кыргызстан менен Ирандын товар алмашуусундагы айырма 20 миллион долларды түздү.
Ирандын Кыргызстандагы элчиси Али Можтаба Рузбехани журналисттерге маалымат берип, 2018-жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар алмашуунун көлөмү 44 миллион долларды түзгөнүн билдирди.
Бирок Кыргызстандын Экономика министрлигинин сайтында жайгашкан расмий маалыматта бул сан 24,45 миллион долларды көрсөтүп турат. Ошентип эки өлкөнүн товар алмашуу тууралуу маалыматынын айырмасы 20 миллиондой долларды түзөт.
Элчинин айтымында Ирандын маалыматы боюнча товар алмашуунун былтыркы көрсөткүчү 24 миллион долларды түзсө, Кыргызстандын маалыматында бул сан 19,91 миллион доллар деп берилген.
Ирандын Кыргызстандагы элчиси учурда эки өлкө ортосунда банк аралык кызматташтыктын жоктугу соодагерлер үчүн кыйынчылык туудуруп жатканын айтып, ушул күнгө чейин эки өлкөнү түз бириктирген авиакаттамдын жоктугун белгиледи. (KR)