Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:42

Өзбекстанда "Саясат таануу" илими кайрадан окутула баштайт

Өзбекстандын желеги.
Өзбекстандын желеги.

Өзбекстанда 2015-жылы токтотулган "Саясат таануу" багыты кайрадан илим катары окутула баштайт. "Азаттыктын" өзбек кызматы 31-январда кабарлагандай, саясат багытындагы адистерди даярдоо тууралуу президенттин жарлыгы чыкты.

Өлкөнүн Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, Эл аралык экономика жана дипломатия университетинде "Саясат таануу" багытында 2019-2020-окуу жылы үчүн 30 квота бөлүндү жана кафедра түзүлдү.

Өзбекстанда 2015-жылы Жогорку жана орто билим берүү министрлигинин буйругу менен "Саясат таануу" адистигин окутуу токтотулган болчу.

XS
SM
MD
LG