Казакстандын Алматы шаарында бүгүн, 1-февралда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны болот. Ага Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев да катыша турганын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жыйында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин (ЕАЭБ) кызматташтыгы, санариптик долбоорлорду ишке ашыруу, өз ара соода, экономикалык өнүгүүнү камсыздоо маселелери талкууланат.
Ал Алматыдагы иш-чаранын алкагында санариптешүү боюнча форумга да катышат.
ЕАЭБге Кыргызстан, Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө. (NT)