Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:37

Ала-Букада чатырда окуп жаткан окуучулар имаратка киргизилди


Чатырда билим алган окуучулар. Ала-Бука району.
Чатырда билим алган окуучулар. Ала-Бука району.

Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан "Азаттыкка" маалымдашты.

Ала-Бука районундагы №20 Ажек орто мектебинин чатырда билим алган окуучулары кайрадан имаратта окуй баштады. Министрлик тараткан маалыматта айтылгандай, балдарды чатырда окутуу демилгесин жергиликтүү бийлик көтөргөн. Бул күн кыска кышкы убакта балдар сабактан кийин үйүнө эрте жетүүсүнө мүмкүнчүлүк берүү максатында ишке ашырылган.

Билим берүү министрлиги Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнө Ажек орто мектебиндеги окуу жадыбалын балдар чатырга окубай турган кылып өзгөртүүнү тапшырды. Министрлик Курулуш, архитектура агенттигине Ажек орто мектебинин жаңы имаратынын курулушун 2019-жылдын тизмесине киргизүүнү сунуштаган. 

Ала-Бука районунун 1-май айыл аймагына караштуу №20 Ажек орто мектебинин 200дөй окуучусу январь айынан тартып чатырда окуп жатканы тууралуу “Азаттык” 31-январда жазып чыккан.

Өзбекстан менен чектеш аймакта жайгашкан Ажек айылынын үч миңден ашуун жашоочусу бар. Мектеп имараты 1959-жылы курулуп, ӨКМ тарабынан эки жолу жараксыз деген бүтүм чыгарылган. Бирок имарат тартыштыгынан улам 200 окуучу авариялык имаратта, 100 окуучу маданият үйүндө, 200дөн ашыгы чатырларда билим алып жатат. 1-май айыл аймагында сегиз мектеп болсо, анын үчөө авариялык абалда. (ZKo)

 

XS
SM
MD
LG