Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:32

Айрым лицензиялардын мөөнөтү узартылды


Транспорт жана жол министрлиги эл аралык багыттарда жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн берилген уруксат кагаздардын мөөнөтүн эки айга узартуу чечимин кабыл алды. Ал эми мөөнөтү бүтө элек лицензиялар кадимкидей иштей берет.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, 1-январдан тарта Жүктүн салмак жана көлөмүн көзөмөлдөө агенттиги тарабынан автоунаалар менен эл аралык багытта жүк жана жүргүнчү ташууга лицензия берүү токтотулган. Бул "Салыктык эмес кирешелер" кодексинде белгиленген мыйзамдар ишке кирип, тагыраак айтканда, лицензия үчүн мамлекеттик төлөмдөрдүн суммасы бекитиле электигине байланыштуу болду.


Расмий маалыматтар боюнча, 2018-жылы жалпы өлкө боюнча жүк жана жүргүнчү ташуучу ишканаларга 19 миң 348 лицензия берилген. Ушул тапта анын ичинен 1332 лицензиянын мөөнөтү бүткөн.

1-январда күчүнө кирген "Салыктык эмес кирешелер" жөнүндө кодексте жүргүнчү жана жүк ташыган ишканаларга, айдоочуларга лицензия берүүнүн баасы жазылган эмес. Ушундан улам Транспорт жана жол министрлиги жогорудагы фирмаларга уруксат документин бере албай жаткан.

XS
SM
MD
LG