Төрт жылдай убакыттан бери "Gamma media group" компаниясы кыргыз бийлигинин протоколдук маданий иш-чараларын уюштуруп жүрөт. Ошондой эле дүйнө жылдыздарынын Кыргызстандагы жана чет элдеги концерттердин да өткөрүп жатышат. Аталган компания соңку жылдары Сами Юсуф, Филипп Киркоров өңдүү бир канча таанымал ырчыларды Бишкекке чакырды. Ал эмес айрымдарына кыргыздын классикалык ырларын да үйрөтүп, ырдатты.
Компаниянын жетекчиси Ислам Сатаров "Азаттыкка" маек куруп, протоколдук концерттерди өткөрүүнүн оош-кыйышы, дүйнө жылдыздарын алып келүүнүн түйшүгү жана Кыргызстандагы концерттик залдардын көйгөйүн айтып берди.