Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:23

Иракта беш тажик аял өмүр бою абакка кесилди


Иллюстрация
Иллюстрация

Иракта тажикстандык беш аял "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна мүчө болгону үчүн өмүр бою абакка кесилди. Аларга сот өкүмү 31-январда чыкканын Тажикстандын Ирактагы жана Кувейттеги элчиси Зубайдулло Зубайзода "Азаттыктын" тажик кызматына билдирди.

Анын айтымында, Садорат Курбонова, Мафтуна Мажидова, Гүлрухсор Алиева, Гүлбахор Сайфуллоева жана Махфуза Курбоновага өкүм чыккан сот отурумуна Багдаддагы тажик элчилигинин өкүлдөрү катышкан.

Дагы бир тажик жараны Максуда Жахбаровага өкүм угузуу өзбек тилинде сүйлөгөн котормочу жок болгону үчүн башка күнгө жылдырылды.

Тажик бийлигинин маалыматы боюнча, соңку жылдары Иракта экстремисттик топко кошулуп кетти деген жүйө менен кеминде 43 аял түрмөгө кесилген.

2014-жылдан тарта 1900дөн ашык тажик жараны Сирия менен Ирактагы "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна кошулуп кеткен.

XS
SM
MD
LG