Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:54

Сенат АКШ күчтөрүн Сириядан чыгарууга каршылыгын билдирди


АКШ Конгресси.
АКШ Конгресси.

АКШ Сенаты президент Дональд Трамптын америкалык күчтөрдү Сирия менен Ооганстандан чыгаруу планына каршылык билдирген документти жактырды. Аны республикачылар көпчүлүктү түзгөн Сенаттын басымдуу бөлүгү (68-23) колдоду.

Символикалык мүнөзгө ээ бул документте Сирия менен Ооганстанда "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу жана "Ал-Каида" террордук уюму дале чоң коркунуч жаратып жатканы, америкалык аскерлер чыгып кеткенден кийин чөлкөмдө кайрадан туруксуз абал жаралышы мүмкүн экени жазылган. Ошондой эле АКШ күчтөрү кеткенден кийинки боштукту Иран менен Орусия толтурушу мүмкүндүгү белгиленген.

Былтыр 19-декабрда президент Трамп Сирияда араб жана күрт күчтөрүнө көмөк көрсөтүп жүргөн 2 миңдей америкалык аскер мекенине кайта турганын жарыялаган. Аны улай АКШ администрациясы өз күчтөрүн Ооганстандан чыгарууну караштырып жатканы кабарланган.

XS
SM
MD
LG