Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:35

АКШ өзөктүк күчтөр боюнча келишимден чыкмай болду


АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео, 1-февраль 2019-жыл.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео, 1-февраль 2019-жыл.

АКШ Орусия менен 32 жыл мурда түзүлгөн Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишимдин алкагындагы милдеттенмелерин 2-февралдан тарта токтотот. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Майк Помпео Вашингтондо журналисттерге билдирди.

Маалыматка ылайык, АКШ бул келишимден алты айдын ичинде чыгары тууралуу Москвага расмий билдирүү жөнөтөт.

Помпео президент Дональд Трамп аткарылышын текшерүүгө мүмкүн болгон келишимди кааларын, Кошмо Штаттар курал-жаракты көзөмөлдөө боюнча Орусия менен сүйлөшүүлөргө ачык экенин кошумчалады.

АКШнын мамлекеттик катчысынын бул билдирүүсүнөн бир нече мүнөт өтпөй НАТО Вашингтондун чечимин колдой турганын жарыялады. Москва соңку жарыя боюнча үн ката элек.

Бул маселе боюнча Орусия менен АКШнын расмий өкүлдөрүнүн ортосунда 31-январда Бээжинде өткөн жолугушууда мунаса табылган эмес.

Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишимге 1987-жылы ал кездеги СССРдин лидери Михаил Горбачев менен АКШнын ошол кездеги президенти Рональд Рейган кол койгон. Келишим 500дөн 5500 чакырымга чейин уча ала турган жана жерде жайгаштырылуучу канаттуу ракеталарды жасоого тыюу салган.

АКШ президенти Дональд Трамп расмий Вашингтон ракеталык келишимден чыга турганын алгач былтыр 20-октябрда жарыялаганда мунун негизги себеби катары Орусия анын шарттарын такай бузуп келгенин айткан.

Кремл болсо АКШнын дооматтарын “фактыларды бурмалоо, келишимден чыгуунун чыныгы максаттарын жаап-жашыруу” катары мүнөздөгөн.

XS
SM
MD
LG