Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:46

АКШ-Орусия: ракеталык келишим талашы уланууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШ жана Орусия кансыз согуш доорунда түзүлгөн ракеталык келишим боюнча кайрадан кайым айтышууда. Вашингтон Москванын келишимди сактап калуу сунушун четке кагып, мунун себебин Орусия анын шарттарын аткарып жатканын талаптагыдай текшерүү мүмкүн эместиги менен түшүндүрдү.

Орусия келишим шарттарын аткарбаса, АКШ андан алтымыш күндө чыга турганын өткөн айда расмий эскерткен. Москва болсо Вашингтондун турумун сынга алууда.

Кошмо Штаттар менен Орусияга кансыз согуш доорунан мураска калган келишим боюнча эки өлкө дипломаттарынын соңку сүйлөшүүлөрү Женевада тышкы саясий мекеме башчылардын орун басарлары деңгээлинде 15-январда өтүп, бирок майнапсыз аяктаган.

Мамлекеттик катчынын бул сүйлөшүүлөргө америкалык делегацияны баштап келген орун басары Андреа Томсон келишимди Орусия сунуш кылгандай шартта сактап калуу мүмкүн эместигин мына ушул сүйлөшүүлөрдөн соң билдирди.

Куралга көзөмөл жана коопсуздук маселелерин тейлеген америкалык дипломат мунун себебин Орусия өзүнүн жаңы ракеталык системаларын талаптагыдай текшертүүдөн баш тартып жатканы менен түшүндүрүүдө.

Орусия ракеталарынын көргөзмөсү. 2017-жылкы сүрөт.
Орусия ракеталарынын көргөзмөсү. 2017-жылкы сүрөт.

​Орусиянын 9М729 деп аталган ракеталык системаларды жасоосун АКШ кансыз согуш доорунан калган келишимди бузуу деп санайт:

- Женевада биз Орусия келишимди талаптарын сактабай жатканы боюнча камтамачылыгыбызды кайрадан айттык. Келишимди сактап калуу үчүн конкреттүү эмне жасоосу керектигин да көргөздүк. Биз алардын келишимге шайкеш келбеген системалары жок кылынганын текшере алгыдай болушубуз зарыл. Орусия менен жаңы деңгээлге чыга албаганыбыз өкүнүчтүү, бирок таң калыштуу эмес. Эскертип кетким келет. Орусия келишимди бузууну азыр да улантууда. Бул Европа үчүн эле эмес, глобалдык коопсуздук үчүн коркунуч, - деди Томсон 16-январда Брюсселден кабарчылардын суроолоруна телефон аркылуу жооп бергенде.

Америкалык расмий Москвадан айтылган риториканы эске алганда Орусия "келишимди сактоо" жолун тандап аларынын белгиси жоктугун кошумчалады.

Ал эми анын алдында орус тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШны курал келишимдеринин системасын жок кылууну көздөөдө деп күнөөлөгөн.

Сергей Лавров
Сергей Лавров

- Орусиянын конструктивдүү сунушу, мен буга силерди ишендирип кетейин, АКШга алар келишимдин параметрлерин бузду деп шек санаган 9М729 ракетасы эмне экендигин эксперттик деңгээлде өз көзү менен көрүүгө мүмкүндүк бермек. Бирок АКШ күн мурунтан даярдалган позицияда келип, бизден бул ракетаны, ал орнотулуп, атыла турган жабдууну америкалык көзөмөл астында жок кылууну ультиматум катары талап кылышты. Биз мурдагыдай эле ракеталык келишимди сактап калуу үчүн АКШ менен иштешүүгө даярбыз. Буга балким башкалардан эң көп кызыкдар Европа өлкөлөрү да америкалык позициянын куйругуна сүйрөлбөй аракет көрөт деп үмүттөнөм, - деди Лавров 16-январдагы басма сөз жыйынында.

Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча макулдашууга мындан 32 жыл мурда, 1987-жылы ал кездеги СССРдин лидери Михаил Горбачев менен АКШнын ошол кездеги президенти Рональд Рейган кол койгон. Келишим учуу аралыгы 500дөн 5500 чакырымга чейин жетүүчү жана жерде жайгаштырыла турган канаттуу ракеталарды жасоого тыюу салган.

Бул макулдашуу түзүлгөнгө чейинки "кансыз согуш" доорунда ошол кездеги СССР өзөктүк дүрмөтү бар 400 ракетаны Батыш Европаны каратып орноткон болчу. Ал эми АКШнын бул келишим тыюу салган жана кезинде СССРге каршы багытталган ракеталарынын көбү Европада жайгаштырылган.

Вашингтон келишимди бузганы үчүн Москваны 2014-жылдан бери ачык айыптап келген.

Өткөн айдын башында АКШ эгер Орусия келишим талаптарын алтымыш күндүн ичинде аткарбаса, өз милдеттенмелерин токтото турганын, башкача айтканда андан чыга турганын расмий маалымдаган. Бул мөөнөт 2-февралда келет.

АКШнын "Першинг-2" ракетасы 1987-жылы Германиядагы базада турган учур. Бул ракеталар 1991-жылга карата Европадан чыгарылып, жок кылынган.
АКШнын "Першинг-2" ракетасы 1987-жылы Германиядагы базада турган учур. Бул ракеталар 1991-жылга карата Европадан чыгарылып, жок кылынган.

АКШнын президенти Дональд Трамп расмий Вашингтон ракеталык келишимден чыга тургандыгын алгач былтыр 20-октябрда жарыялаганда мунун негизги себеби катары Орусия анын шарттарын такай бузуп келгенин айткан.

Кийин Трамп АКШ “кансыз согуш” доорундагы келишимге байланып турганда Кытай өзөктүк кубатын чыңдап жатканын да жүйө келтирген.

Трамп 17-январда Пентагондогу жыйында АКШнын ракетадан коргонуу боюнча узактан бери күтүлгөн жаңы саясатын жарыялаганы жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG