Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:22

АКШ-Орусия: ракеталык келишимдин талашы


Президенттер Трамп жана Путин Хелсинкиде кездешкен учур. 16-июль, 2018-жыл. Эки лидер эми 11-ноябрда Парижде кездешери күтүлүүдө.
Президенттер Трамп жана Путин Хелсинкиде кездешкен учур. 16-июль, 2018-жыл. Эки лидер эми 11-ноябрда Парижде кездешери күтүлүүдө.

Кошмо Штаттар менен Орусия “кансыз согуш” доорунан мураска калган ракеталык келишимдин тагдырын эми Бириккен Улуттар Уюмунда талашканы турат. Келишимди сактап калуу маселесин Башкы Ассамблеяда добушка салгысы келген Москванын аракетине Вашингтон каршы чыгып жатат.

АКШнын президенти анын өлкөсү 1987-жылы түзүлгөн келишимден чыга турганын өткөн аптанын соңунда жарыяласа, Орусиянын президенти бул кайрадан жарыша куралданууга алып барарын эскертүүдө.

Москванын маалыматына караганда, орус дипломаттары БУУнун Башкы Ассамблеясынын Куралсыздануу боюнча комитетине тиешелүү резолюция долбоорун 25-октябрда киргизишти. Анда Вашингтон менен Москвага Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишимди сактап калууга жана эки өлкөнү камтама кылган жагдайлар боюнча сүйлөшүү баштоого чакырык ташталган.

Орусия Башкы Ассамблеянын кароосуна резолюциянын долбоорун бергени менен АКШ БУУда ал сунушка тосмо койгон. АКШ бийлиги мында “резолюция киргизүүчү мөөнөт өтүп кетти” деген жүйө келтирди.

Андыктан Башкы Ассамблеяда Орусиянын резолюциясы добушка салынар-салынбасы жана ал качан ишке ашары азырынча анык эмес.

Бирок Москва, тышкы иштер министрдин орун басары Сергей Рябковдун сөздөрүнө караганда, резолюция баары бир добушка коюлат жана ал "ракеталык келишимди сактап калууну эл аралык коомчулук колдой турганын" көрсөтөт деп күтүп жаткандай.

“Кансыз согуш” доорунан мураска калган бул келишим АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтондун апта башында Москвада өткөн эки күндүк сүйлөшүүлөрүндө талкууланган башкы маселелердин бири болду.

Жон Болтон.
Жон Болтон.

- Маселе Орусиянын келишимди бузган ракеталары Европада азыр бар экендигинде. Коркунуч Америка келишимден чыгып жатканында эмес, Орусиянын ракеталары буга чейин эле жайгаштырылганында. Эки күндөн бери Кытай да Кошмо Штаттар келишимде калышы керек экенин айтып жатты. Эгер Бээжинде жашасам мен дагы дал ушинтип ойломокмун, - деген эле Жон Болтон Москвадагы басма сөз жыйынында.

Кытай демекчи, АКШ президенти Дональд Трамп расмий Вашингтон ракеталык келишимден чыга турганын 20-октябрда жарыялаганда мунун негизги себеби катары Орусия анын шарттарын такай бузуп келгенин айткан. Кийин Трамп АКШ “кансыз согуш” доорундагы келишимге байланып турганда Кытай өзөктүк кубатын чыңдап жатканын да жүйө келтирди.

Вашингтон келишимди бузганы үчүн Москваны 2014-жылдан бери ачык айыптап келген. Орусия болсо мунун далилдери жок жана келишимден чыгуу кайрадан жарыша куралданууга алып барат деп эсептейт.

- Эң башкы маселе - алар жаңыдан пайда болгон ракеталарды эмне кыларында. Эгер алар Европага жеткирилсе, биз, албетте, буга теңме-тең жооп беребиз. Эгер кырдаал ошого жетип, ага Европа өлкөлөрү макул болсо, алар өз аймагын жооп иретинде урулушу мүмкүн болгон соккунун коркунучуна кептей турганын түшүнүшү керек, - деди орус президенти Путин 24-октябрда Москвадан.

Ракеталык келишимдин тагдыры Путин менен Трамптын 11-ноябрда Парижде өтчү кездешүүсүндө да талкууланмакчы.​

АКШ менен Орусиянын 1987-жылдагы келишим тыюу салган ракеталарынын түрлөрү боюнча "Эркин Европа/Азаттык" радиосу даярдаган инфографика.
АКШ менен Орусиянын 1987-жылдагы келишим тыюу салган ракеталарынын түрлөрү боюнча "Эркин Европа/Азаттык" радиосу даярдаган инфографика.

Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча макулдашууга мындан 31 жыл мурда, 1987-жылы ал кездеги СССРдин лидери Михаил Горбачев менен АКШнын ошол кездеги президенти Рональд Рейган кол койгон. Келишим учуу аралыгы 500дөн 5500 чакырымга чейин жетүүчү жана жерде жайгаштырыла турган канаттуу ракеталарды жасоого тыюу салган.

Бул макулдашуу түзүлгөнгө чейинки "кансыз согуш" доорунда ошол кездеги СССР өзөктүк дүрмөтү бар 400 ракетаны Батыш Европаны каратып орноткон болчу.

Ал эми АКШнын бул келишим тыюу салган жана кезинде СССРге каршы багытталган ракеталарынын көбү Европада жайгаштырылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG