Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:47

Иран ракета сынаганын ырастады


Иран машыгуу учурунда ракетасын атып жатат. 5-ноябрь, 2018-жыл
Иран машыгуу учурунда ракетасын атып жатат. 5-ноябрь, 2018-жыл

Иран шейшемби күнү жакында орто аралыктагы баллистикалык ракетасын сынаганын бышыктады. АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Тегеран БУУнун коопсуздук кеңешинин резолюциясын бузуп, ракеталык сыноону өткөрүп жатканын буга чейин эскерткен.

"Биз ракеталык сыноону улантып жатабыз жана дагы бир маанилүү сыноону жакында өткөрдүк", - деди Ирандын куралдуу күчтөрүнүн авиация жана космостук командачылыгынын башчысы Амирали Хажизаде “Фарс” маалымат агенттигине 11-декабрда.

Ал "АКШнын Ирандын ракеталык сыноосуна карата реакциясы бул иштин абдан маанилүү экенин жана аларды капа кылганын көрсөтөт”, - деди. Амирали Хажизаде Иран ракетанын кайсы түрүн сыноодон өткөргөнүн тактаган жок. Анын айтымында, Тегеран жылына 40-50дөй ракетасын сынайт.

Иран баллистикалык ракета программасын 2015-жылдагы анын өзөктүк программасына тыюу салган эл аралык келишимден кийин да улантып келди. БУУнун Коопсуздук кеңешинин ошол келишимден кийинки резолюциясы Тегеранга өзөктүк курал алып жүрүүчү ракеталарды жасашына тыюу салат, бирок ага баллистикалык ракеталарды чыгарышына чек койбойт.

Иран 1-декабрда орто аралыктагы ракетасын сынаганын буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео айтып чыккан жана Тегеран БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын бузуп жатат деп билдирген. Ал Тегеранды өзөктүк курал алып жүрүүгө жөндөмдүү баллистикалык ракеталарга байланышкан бардык иштерди дароо токтотууга чакырган.

Ал эми АКШнын Иран боюнча атайын өкүлү Брайан Хук 5-декабрда Европа Биримдигин Тегеранга каршы санкция киргизүүгө үндөгөн:

Брайан Хук
Брайан Хук

- Биз Европа Биримдигин Ирандын ракеталык сыноосуна жана аны жайылтууга аралашкан адамдарга санкция салууга чакырабыз. Анткени Ирандын аракеттери БУУнун Коопсуздук кеңешинин чечимдерине карама-каршы келет.

2015-жылы АКШ, Британия, Франция, Германия, Орусия, Кытай жана Иран кол койгон келишимге ылайык, Тегеран талаштуу өзөктүк программасын чектөөгө көнүп, мунун ордуна кийин ага каршы киргизилген эл аралык санкциялар жоюлган.

Бирок быйыл Америка келишим Тегерандын өзөктүк дымагын чектей албаганын жүйө келтирип, андан чыгып кеткен жана ал макулдашуунун алкагында токтотулган санкцияларды кайра калыбына келтирген. Бирок Британия, Франция, Германия, Орусия, Кытай келишимден чыга элек.

Ирандын коргоо министри кыска аралыктагы ракетанын жаңы түрүн көрсөтүүдө. Август, 2018-жыл
Ирандын коргоо министри кыска аралыктагы ракетанын жаңы түрүн көрсөтүүдө. Август, 2018-жыл

Вашингтондун Тегерандын мунай секторун бутага алган соңку санкциялары быйыл 5-ноябрда күчүнө кирген.

- Бул санкциялар жаңы эмес. Биз 40 жылдан бери санкциялардын алдында жашап келе жатабыз, бирок алар биздин өнүгүүбүзгө тоскоол боло алган жок. Биз ар кайсы тармакта, маселен самолёт, учкучсуз аппарат, тик учак жасоодо чоң жетишкендиктерди багындырдык, бул тармакта ишти мындан ары да уланта беребиз. Санкциялар биздин ишибизди токтотпостон, кайра шыктандырып жатат, - деген өткөн жумада Ирандын коргоо министринин орун басары, генерал Абдулкарим Банитарафи.

Батыш мамлекеттери Ирандын баллистикалык ракеталары эки миң чакырымга чейин жете алат деп шек санашат. Алардын оюнча, бул Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттерден тышкары, Европанын түштүк-чыгышына чейин сокку ура алат дегенди билдирет. Иран болсо баллистикалык ракеталарын коргонуу максатта гана жасап жатканын айтып келүүдө.

Башкы кеңсеси Венада жайгашкан Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) 22-ноябрдагы кварталдык жыйынында "Иран өзөктүк куралга байланыштуу келишимдеги өз милдеттемелерин аткарып жатат" деп ырастаган. Тегеран келишимди канчалык аткарып же бузуп жатканы 19-декабрда БУУнун Коопсуздук кеңешинде да талкууланганы жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG