Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:26

АКШ Орусияга алтымыш күн мөөнөт берди


Владимир Путин менен Дональд Трамп.
Владимир Путин менен Дональд Трамп.

АКШ Орусия менен ракеталар боюнча "кансыз согуш" доорунда түзүлгөн келишимден чыгарын кайрадан эскертти.

Вашингтондун жаңы билдирүүсүнө караганда, эгер Москва алтымыш күндүн ичинде 1987-жылкы келишимдин шарттарын аткарууга кайтпаса, АКШ да өз милдеттенмелеринен баш тартат. Бул багытта Вашингтондон Москвага расмий маалымдама да келгенин 5-декабрда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги ырастады.

Кошмо Штаттардын "кансыз согуш" доорунан мураска калган ракеталык келишим боюнча Орусияга койгон жаңы талабын мамлекеттик катчы Майк Помпео 4-декабрда Брюсселден жарыялады:

Майк Помпео.
Майк Помпео.

- Бул келишим кандай ийгиликтерди жаратканына карабай, биз бүгүн Орусия куралды көзөмөлдөө боюнча милдеттенмелерин бузуп жатканына каршы турушубуз керек. Мен бүгүн эле министр кызматташтарыма айткандай, биздин мамлекеттерде эки гана жол бар: же биз кумга башыбызды катып отура беребиз же Орусиянын Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишимдин шарттарын одоно бузушуна каршы жооп иретинде жөндүү чара көрөбүз. Белгилей кетейин, Орусиянын келишимди бузушу бир түндө эле болгон жок. Ал канаттуу ракеталарды (SSE8) 2000-жылдардын ортосунан бери сыноодо. Ушул фактыларды эске алуу менен Кошмо Штаттар бүгүн Орусия келишимди олуттуу бузду деп тапканын жарыялайт. Эгер Орусия келишим шарттарынын толук жана текшерилгидей аткарылышына алтымыш күн ичинде кайтып келбесе, Кошмо Штаттар да укуктук коргонуу каражаты катары өз милдеттенмелерин токтотот. Биз бир нече себептен улам ушундай чара көрөбүз. Биринчиден, Орусиянын аракеттери АКШнын, биздин өнөктөштөр менен шериктештердин улуттук коопсуздугуна олуттуу шек келтирүүдө. Орусия келишимди бузганы үчүн ага жооп кайтара албагыдай болсок, анын алкагында кала берүүнүн АКШ үчүн эч кандай мааниси жок.

Мамлекеттик катчы Майк Помпео бул сөздөрдү Брюсселде НАТО мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин кеңешмесинин алдында айтты.

НАТО министрлери да 4-декабрдагы биргелешкен билдирүүсүндө Орусия Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр келишимин бузган 9М729 ракеталык системаларын жасап, жайгаштырганын, бул евро-атлантикалык коопсуздукту чоң тобокелге саларын белгилешти.

НАТОнун 29 өлкөсү да келишимди сактап калуу эми Орусиянын колунда экенин билдирип, аны “толук аткарууга жана анын текшерилишине тезинен кайтууга" Москваны чакырды.

Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков АКШнын соңку билдирүүсүн “фактыларды бурмалоо, келишимден чыгуунун чыныгы максаттарын “жаап-жашыруу” катары мүнөздөдү.

Сергей Рябков.
Сергей Рябков.

Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимов АКШнын келишимден чыгышы “Европанын коопсуздугуна эле эмес, дүйнөнүн стратегиялык туруктуулугуна кесепетин тийгизүүчү коркунучтуу кадам болоруна" көңүл бурду. Андан мурдараак Орусия тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков буларды айткан:

- Биз өз курал-жарагыбызды жакшы билебиз. Алардын эч бири биздин келишимдеги милдеттенмелерибизге каршы келбейт. Бир топ жылдан бери эле АКШ өзүнүн НАТО боюнча өнөктөштөрүн "Орусия Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча келишимди бузат" деген жалганга ынандырып, ага каршы болжолдуу аскердик сценарийлердин үстүнөн иштөөдө кыйла эле ийгиликке жетти. Биз эскертип койгубуз келет. АКШнын келишимден чыгышы кырдаалдын туруктуулугун өтө одоно буза турган кадам болот, биз аны аскердик пландообузда эске алабыз.

Москвага АКШдан келишимден чыгуу ниети жазылган расмий маалымдама келгенин Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 5-декабрда ырастады. Министрликтин өкүлү Мария Захарованын айтымында, АКШ өз турумун бекемдеген “эч бир далил бере алган жок”.

Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр боюнча макулдашууга мындан 31 жыл мурда, 1987-жылы ал кездеги СССРдин лидери Михаил Горбачев менен АКШнын ошол кездеги президенти Рональд Рейган кол койгон. Келишим учуу аралыгы 500дөн 5500 чакырымга чейин жетүүчү жана жерде жайгаштырыла турган канаттуу ракеталарды жасоого тыюу салган.

Бул макулдашуу түзүлгөнгө чейинки "кансыз согуш" доорунда ошол кездеги СССР өзөктүк дүрмөтү бар 400 ракетаны Батыш Европаны каратып орноткон болчу. Ал эми АКШнын бул келишим тыюу салган жана кезинде СССРге каршы багытталган ракеталарынын көбү Европада жайгаштырылган.

АКШнын президенти Дональд Трамп расмий Вашингтон ракеталык келишимден чыга тургандыгын алгач 20-октябрда жарыялаганда мунун негизги себеби катары Орусия анын шарттарын такай бузуп келгенин айткан. Кийин Трамп АКШ “кансыз согуш” доорундагы келишимге байланып турганда Кытай өзөктүк кубатын чыңдап жатканын да жүйө келтирди.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги АКШны сынга алып, аны глобалдык стратегиялык тең салмактуулукка тиешеси бар маселеге “аяр” мамиле кылууга чакырган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG