Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Назаров Интернетке тараган видео боюнча жооп берди


"Кыргызстан" фракциясынын жыйынында тартылган видео.
"Кыргызстан" фракциясынын жыйынында тартылган видео.

Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Айтмамат Назаров социалдык тармактарда тарап жаткан видео боюнча пикирин билдирди:

- Депутаттарды сындабаган киши калган жок. Ал сындарды туура эле кабыл алабыз. Ал эми видеого жыйын башталгыча тартып алыптыр. Ал учурда жыйын баштала элек болчу, - деди Назаров.

Материалдын автору, журналист Азамат Бакиров Айтмамат Назаровдун сөздөрүн жокко чыгарып, видео жыйын учурунда тартылганын билдирди.

“Next TV” телеканалы 1-февралда “Кыргызстан” фракциясынын жыйынында депутаттар Айтмамат Назаров менен дагы бир кесиптеши телефонунан оюн ойноп отурганы тартылган видеону жарыялаган.

Анда журналист фракция Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын ишмердүүлүгүн талкуулап жатканын, бирок эки депутат өз сунушун айтып коюп, башка кесиптештерин укпай телефондон оюн ойноп отурганын айткан.

Ал тасма социалдык тармактарда учурда кызуу талкууланып, эл өкүлдөрүнүн дарегине сын айтылууда. (BTo)

XS
SM
MD
LG