Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:25

Коба-Верде бийлиги Орусиянын 11 суучулун кармады

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коба-Верде бийлиги Орусиянын 11 суучулун кармады. Орусиялык “РИА Новости” агенттиги алардын баары Панаманын желеги илинген кемеде баратканын жазды.

Кемедеги экипаждын бир мүчөсү каза болуп, ал Коба-Верденин борбору Праядагы портко токтоого аргасыз болгон.

Жергиликтүү полиция кемени текшерген учурда 9,5 тонна кокаин табылган. Орусиянын Кабо-Вердедеги элчилиги моряктар ушундан улам кармалышы мүмкүн деп боолгоп жатат.

“Биз тергөө органдары, кармалган жарандар менен тыгыз байлынышып жатабыз. Кенен маалымат күтүүдөбүз”, - деп айтылат агенттиктин маалыматында.

Кармалгандар жана аларга коюлган айып тууралуу азырынча эч нерсе маалымдала элек. (BTo)

XS
SM
MD
LG