Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:42

Денис Тендин туугандары сот чечимине арызданышты


Денис Тен.
Денис Тен.

Бычак жеп каза болгон спортсмен Денис Тендин туугандары аны өлтүргөндөргө чыккан сот чечимине каршы, апелляциялык арыз беришти. Бул тууралуу «Азаттыктын» казак кызматы Каз Таг агенттигине шилтеме берип жазды.

Арызда тергөө иштери толук эмес, дыкат жүрбөгөнү белгиленген. Ушундан улам жабырлануучу тарап өкүмгө макул эместиги камтылган. Ошондой эле алар «судья соттолгондор кылмышты бирөөнүн буйругу менен жасашы мүмкүн» деген жүйөнү эске албаганын айтышкан.

Тен былтыр 19-июлда бычак жегенден кийин Алматы ооруканасында кансырап каза тапкан. Тергөөнүн версиясы боюнча кол салгандар анын машинесинин күзгүсүн уурдоого аракеттенишкен. Ортодо чыккан мушташта спортчуга бычак сайылган. Полиция шектүү эки жигитти жана аларга көмөктөшкөн аялды көп узабай кармаган.

Маркумдун энеси сотто баласы буюртма киши өлтүрүүнүн курмандыгы болгон деп эсептей тургандыгын айткан. Анын айтымында, Денис ал күнү муз тебүү аянтчаларын курмак болгон чехиялык инвесторлор менен жолугушмак, бирок классташы улам-улам телефон чалгандыктан, пландарын өзгөрткөн.

Тен беш жолу Казакстандын чемпиону болуп, Сочи Олимпиадасында коло медаль алган. (BTo)

XS
SM
MD
LG