Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы Литванын командасын 6:2 эсебинде жеңип алды. Жолдоштук беттеш 2-февралда Литванын Пренай шаарында болду.
Атаандаштардын дарбазасына Дилшат Кадыров эки ирет гол киргизди. Андан тышкары Мирлан Жолдубаев, Максатбек Алимов, Шохрух Махмадаминов, Сагындык Акимбаевдер бирден гол киргизишти.
Кыргызстандын Футбол федерациясы кабарлагандай, бул беттеш - 2020-жылы өтчү Азия биринчилигинин тандап алуу баскычына карата даярдык. Литва менен экинчи беттеш бүгүн, 3-февралда болот. (BTo)