Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:21

Корчубек Акназаровдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду


Корчубек Акназаров менен коштошуу зыйнаты. 3-февраль, 2019-жыл.
Корчубек Акназаров менен коштошуу зыйнаты. 3-февраль, 2019-жыл.

Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери, Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаровдун сөөгү бүгүн, 3-февралда Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилди.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Бишкек шаарынын Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдында өтүп, ага президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана маркумдун туугандары менен жакындары катышты.

Корчубек Акназаров 97 жашка караган курагында дүйнө салды. Ал 1922-жылы 1-августта Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Кызыл Октябрь айылында туулган. Эмгек жолун 1941-жылы айылдык жети жылдык мектепте мугалим болуп иштөө менен баштаган.

Корчубек Акназаров 1943-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1-Беларус фронтунда баскынчыларга каршы согушкан. (BTo)

XS
SM
MD
LG