Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:07

Калугадагы кырсыктын курмандыктары жетиге жетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Калуга облусунда 3-февралда болгон жол кырсыгынан каза тапкандардын саны жетиге жетти. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине шилтеме берип жазышууда. Акыркы маалыматтар боюнча, көз жумгандардын үчөө чоң киши жана төртөө балдар. Дагы 24 бала ооруканага жаткырылды.

Буга чейин “Интерфакс” агенттиги Калуга - Вязьма жолунда "МАН" үлгүсүндөгү автобус оодарылып кеткенин жазган. Анын ичинде 48 киши бар болгонун жана көбү балдар экенин кабарлаган. Ата-энелер балдары менен сынакка бара жатышкан.

“Интерфакс” жеке булактарына таянып, жол тайгак болгондуктан айдоочу автобусту башкара албай калганын, жолго чыгардын алдында ал медициналык кароодон өткөнүн билдирди. Кырсык боюнча кылмыш иши козголду.

XS
SM
MD
LG