Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:23

Ирандын ракеталык кубаты тууралуу Европага эскертүү айтылды


Ирандын жогорку офицерлеринин бири Батыш Тегеранга чектөөлөрдү көбөйтсө, Иран өзүнүн ракеталарынын учуу алыстыгын күчөтүүгө, “стратегиялык секирик” жасоого аргасыз болот деп билдирди.

“Эгер Европа же башка бирөө Иранды ракеталардан арылтуу аракетин көрсө, биз “стратегиялык секирик” жасоого аргасыз болобуз”,- деди Ирандын Ислам революциялык гвардиясынын башчысынын орун басары, генерал Хусейн Салами 2-февраль күнү мамлекеттик "Пресс-ТВ" телеканалына.

Ракеталык технологияларды өнүктүрүүнү “коргонуу стратегиясы” катары сүрөттөгөн генерал Европаны Ирандын учурдагы ракеталык кубатын жаңы реалдуулук катары кабыл алууну талап кылды.

Иран жакында эле жаңы канаттуу ракетасы 1350 километрден ашык аралыкка жетерин тастыктаган “ийгиликтүү сыноо” өткөргөнүн маалымдаган эле. Бул сыноо 1979-жылкы Ислам революциясынын 40 жылдыгына туш келген. Анын ийгиликтүүлүгүн жана расмий Тегеран тараткан маалыматтын чын-төгүнүн башка көз карандысыз булактар тастыктай алышкан жок. (KKu)

XS
SM
MD
LG