Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Футзал: Кыргызстан Литваны 9:3 менен утту


Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы.
Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы.

Кыргызстандын футзал боюнча курама командасы Литванын командасын эки жолдоштук беттеште жалпы 9:3 эсебинде жеңип алды. Биринчи таймаш 2-февралда болуп, анда 6:2 менен кыргызстандык спортчулар жеңишке жеткен. 3-февралда экинчи жолу беттешип, оюн 3:1 болуп жыйынтыкталды.

Литванын Пренай шаарындагы бул оюндар 2020-жылы өтө турган Азия биринчилигинин тандап алуу баскычына карата даярдык катары өттү.

Футзал боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Амиржан Муканов эки оюн кыргыз спортчулары үчүн пайдалуу болгонун жана команда чабуулдардагы кемчиликтерин жоюу багытында иштеш керек экенин айтты. (BTo)

XS
SM
MD
LG