Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 18:50

Кыргызстанда өсмө илдети менен 25 миңден ашык адам каттоодо турат


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте Өсмө (рак) менен күрөшүү күнү белгиленип жатат. 4-февралда "Park hotel" конок үйүндө уюштурулган жыйынга саламаттык сактоо министри, өкмөт мүчөлөрү жана бул оору менен күрөшкөн уюмдардын адистери катышууда.

Министр Космосбек Чолпонбаев өлкөдө өсмө оорулуулар көбөйгөнүн, аларга дарыланууга шарттар түзүлүп, ооруну басаңдатуучу дарыларга жетүү мүмкүнчүлүгү жеңилдетилип жатканын айтты.

Расмий маалыматка караганда, учурда Кыргызстанда 25 500 адам өсмө оорусу менен каттоодо турат. 2018-жылы 5500 кишиде залалдуу шишик аныкталып, алардын 60 пайызы көз жумган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 4-февралды Өсмөгө каршы күрөштүн дүйнөлүк күнү деп белгилеген.

Өлкөдө нур менен залалдуу шишикти дарылоочу жабдуулардын жоктугу дарт менен алышкандарга бир топ кыйынчылык жаратып келет. Бул жабдууну алыш үчүн айрым өкмөттүк эмес уюмдар кайрымдуулук акцияларын уюштуруп, элден акча да чогултуп көрүшкөн. Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматына караганда, үч жолу тендер жарыяланып, бирок аппаратты алып келүү баскычына жеткенде чуулгандуу чырлар менен иш токтоп калууда.

Тендер чыры быйыл да уланып, азырынча бейтаптар радиациялык нурду 1980-жылдары чыккан эски жабдуу менен алып жатышат. (BCh)

XS
SM
MD
LG