"Ак илбирс-2019" улуттук кино сыйлыгына тасмалар кабыл алына баштады. Түрдүү жанрдагы фильмдерди Кинематографисттер бирикмеси февраль айында бир ай бою кабыл алат. Жеңүүчүлөр апрелде сыйланат.
Жыл сайын берилчү "Ак илбирс" сыйлыгы 2012-жылы уюшулган. Анын демилгечилери - Кыргызстандын Кинематографисттер союзу, «Айтыш» коомдук фонду, Кинону өнүктүрүү фонду жана Кинематография департаменти.