Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:46

Кыргызстанда террордук акт уюштурууну көздөгөн адам кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын аймагында террордук актыларды жана башка бөлүп-жаруучу акцияларды уюштуруу максатын көздөгөн эл аралык террордук уюмдун жигердүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, 42 жаштагы Кыргызстандын жараны (Х.Т.) 2014-жылы жасалма паспорт аркылуу башка ысым алып Түркияга, андан ары Сирияга учуп кеткен. Ал жерде террордук топтун курамына кирип, бир катар согуштук аракеттерге катышкан. Кийин Түркияга жөнөтүлүп, ал жактан Сирияга жоочуларды жөнөтүү боюнча ири каналга жооптуу катары иштеп турган.

Кыргызстанга келген учурда кармалган жаран мурда соттолгону такталды. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 395-беренесинин 2-бөлүгү (“Жалданмачылык”) боюнча айып тагылып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Сирия менен Иракка Кыргызстандан 800дөй адам чыгып кеткен. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG