Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:41

КСДП: Партиянын Бишкек боюнча координатору алмашкан жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КДСП) "Атамбаевсиз КСДП" кыймылы өткөргөн кезектеги жыйынды да мыйзамсыз деп жарыялады. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматы 4-февралда билдирүү таратты. 

"Атамбаевсиз КСДП" кыймылы 2-февралда Бишкекте партиянын кезексиз конференциясын өткөрүп, Ырысбек Мааткабылов аттуу жаран баш калаа боюнча жаңы координатор болуп шайланганын кабарлаган. 

КСДПнын катчылыгы Мааткабылов 2014-жылдын декабрында партиядан чыгуу жөнүндө арыз жазганын, 2015-жылы партиянын саясий кеңеши аны канааттандырганын маалымдады. Билдирүүгө Мааткабыловдун ошол кездеги арызы да тиркелген. Ошондой эле Жогорку Кеңешке 2015-жылдагы шайлоодо "Бүтүн Кыргызстан - Эмгек" партиясынан ат салышканы айтылат. 

"Ирина Карамушкина КСДПнын Бишкек шаары боюнча координатору бойдон кала берет. Партиянын мыйзамдуу конференциясы мартта болот жана 6-апрелде өтчү партиянын курултайына делегаттар тандалат", деп айтылат билдирүүдө. 

Өзүн "Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын мүчөсүмүн" деп атаган Сагынбек Абдрахманов Бишкектин бир катар райондорунда жана облустарда "Атамбаевсиз КСДП" деген ураан менен жыйындарды уюштуруп жүрөт. 

Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева бул кыймыл КСДПны бөлүп-жаруу жана тартып алуу максатында түзүлгөнүн, Абдырахманов партияга мүчө эмес экенин айткан.

Партиянын төрагасы - экс-президент Алмазбек Атамбаев. 

 

XS
SM
MD
LG