Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Август, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:32

Кыргызстанда уруксат берилбеген таштандыканалар 300гө жетти

Бишкек шаарынын таштанды талаасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек шаарынын таштанды талаасы. Иллюстрациялык сүрөт.

2018-жылы Кыргызстандын аймагындагы 409 акыр-чикир чогултуучу жай аныкталып, анын 299уна уруксат берилбегени такталды. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги кабарлады.

Мекеменин аймактардагы кызматкерлери атайын инвентаризациялоо учурунда болгону 107 жер гана таштанды жыйноочу жай катары катталганын аныкташкан. Калгандарына тургундар өз алдынча эски-уску буюмдарын ыргытып, таштанды үймөгүнө айлантып жиберишкен.

Бишкек шаарында туш-келди таштанды ыргыткандарга жылына 2 миллион сомдой айыппул салынат. Бул көрсөткүч башка аймактарда канча экени белгисиз. (ErN)

XS
SM
MD
LG