Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:31

Жалал-Абадда сотмедэкспертизанын башчысы пара менен кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) "Азаттыкка" Жалал-Абадда соттук-медициналык экспертизанын башчысы пара менен кармалганын кабарлады. Финполициянын маалыматына караганда Аксы, Шамалды-Сай жана Таш-Көмүр аймак аралык соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн башчысы 50 миң сом пара алып жаткан жеринен колго түшкөн.

Мекеменин билдирүүсү боюнча жергиликтүү тургун сөз болуп жаткан жетекчи андан 100 миң сом акча талап кылып жатканын айтып арыз менен кайрылган. Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында шектүү 1-февралда Шамалды-Сай шаарында 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган.

Мекеме тарабынан “Пара алуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, жетекчи Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына киргизилди. (RsK)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG