Улуттук банк "Мобильник" ишканасы боюнча инспекциялык текшерүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 4-февралда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, компаниянын жетекчилеринин ич ара келишпестиги ишкананын ишине кедергисин тийгизип жатканы тууралуу маалыматтар бар.
- "Мобильник" компаниясынын эки жетекчиси бири-бири менен чатакташып жатыптыр, - деди ал. - Ошого байланыштуу элге да толук кызмат көрсөтө албай жатышат. Биз текшерүүнү 1-февралда баштадык. Азыр иштеп жатабыз, текшерүүнүн жыйынтыгына жараша кийинчерээк толугураак маалымат бере алабыз.
Абдыгулов депутаттарга билдиргендей, Улуттук банк электрондук төлөм системасын иштеткен чет өлкөлүк операторлордон өздөрү айландырган акча каражатынын өлчөмүндөгү сумманы банкка депозит катары салууну талап кылат. Бирок мындай талаптан жергиликтүү электрондук төлөм операторлору бошотулган. Алар банк менен келишим түзүп, келишимде бекитилген өз ара тартип менен иштешет.
Кыргызстанда "электрондук капчык" кызматын көрсөткөн он чакты компания бар. Алардын бири "Мобильник" оператору январь айынын аягында кардарларга кызмат көрсөтүүдө аксап, бул оператор аркылуу жүргүзүлгөн операциялар аягына чыкпай калган. Ошондон улам "Түндүкэлектр", "Мегаком" сыяктуу ири компаниялар "Мобильник" менен кызматташуудан баш тарткан.
Аталган электрондук капчыктын артыкчылыгы - көрсөткөн кызматы үчүн төлөмдөн пайыз кармап калчу эмес.
Учурда өлкөдөгү электрондук төлөм жүргүзгөн компаниялардын көпчүлүгү - чет өлкөлөрдөгү ишканалардын филиалдары. Алардын көбү көрсөткөн кызмат акысы үчүн эки сомдон беш сомго чейин акы алышат. (ZKo)