Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:47

Израил Газа тилкесине чектеш жерге тосмо коёт


Израил менен Газа секторунун чек арасына чогулган палестиндер. 30-март, 2018-жыл.
Израил менен Газа секторунун чек арасына чогулган палестиндер. 30-март, 2018-жыл.

Израил бийлиги Газа тилкеси менен чек арасында жаңы тосмолорду коёрун билдирди. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жекшембиде айткандай, тикенек зым аралашкан, бийиктиги алты метрлик темир тосмо 65 чакырым аймакка орнотулат. Өкмөт башчы эгер Газа тилкесинде кырдаал тынч болбосо шайлоонун алдында чечкиндүү кадамдардан баш тартпай турганын кошумчалады. Израилде мөөнөтүнөн мурун парламенттик шайлоо өткөрүү 9-апрелге белгиленди.

2018-жылдын мартынан бери Газа тилкесинде Израил бийлигине каршы нааразылык акциялары өтүп келатат. Газанын саламаттык сактоо башкармалыгы бир нече ай мурда жөөт жоокерлери менен кагылышта 200дөй палестиналык набыт кеткенин билдирген. Кармашта миңден ашуун киши жаракат алган.

XS
SM
MD
LG