Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:09

"Талибан" кыймылы Москвадагы сүйлөшүүгө катышат


“Талибандын” Катардагы саясий кеңсесинин жетекчиси Мохаммад Аббас Станекзай. 9-январь, 2018-жыл.
“Талибандын” Катардагы саясий кеңсесинин жетекчиси Мохаммад Аббас Станекзай. 9-январь, 2018-жыл.

“Талибан” кыймылы Москвада өтчү ооган коомчулугунун өкүлдөрү, таанымал коомдук ишмерлер, анын ичинде мурдагы президент Хамид Карзай, оппозициялык лидерлер жана уруу башчылары катышкан тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышарын билдирди. Бирок бул жолугушууга ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү катышпайт.

Москвадагы эки күндүк жолугушуу 5-февралда башталат. Бул сүйлөшүүнү Орусиядагы ооган диаспорасынын “Ооган коомунун кеңеши” аттуу уюму уюштуруп жатат. Бул тууралуу уюм дүйшөмбүдө билдирүү таратты.

Кремль бул жолугушууну уюштурууга тиешеси жок экенин билдирсе, АКШ азырынча эч кандай маалымат бере элек.

Буга чейинки АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад менен “Талибан” кыймылынын өкүлдөрүнүн Катардагы жолугушуусу алты күнгө созулду.

«Нью-Йорк Таймс» басылмасы Халилзадга шилтеме кылып, Катардагы жолугушууда АКШ менен “Талибан” кыймылынын расмий өкүлдөрү өз ара макулдашуунун жалпы шарттары боюнча бир чечимге келишкенин жазды.

30-январда “Талибандын” басма сөз катчысы Сухаил Шахин куралдуу кыймыл келечекте бийликти толук ээлеп албай, мамлекеттик институттар менен кошо иш жүргүзөрүн билдирди.

XS
SM
MD
LG