Ысык-Көлдүн Тоң районуна караштуу Кажы-Сай айылынын жыйырмадай тургуну Жогорку соттун алдына 4-февралда нааразылык акциясына чыгышты. Алар он жылдан ашуун уланып келаткан соттук процесс бул жолу да кийинкиге калтырылганына капа экенин билдиришти.
Митинг уюштургундар Кажы-Сай айылында 1999-2008-жылдарга чейин айыл өкмөт башчы болуп иштеген жаран менен 2007-жылдардан бери соттошуп келатканын белгилешти.
Маалыматка караганда, мурдагы айыл өкмөт башчысы айылдагы электротехника чыгаруучу ишканага тиешелүү экени айтылган 200дөн ашык батирди "жеке фирмага сатып жиберген" деп айыпталууда. Сот иштеринин узакка созулушуна айыпталуучунун сот жараянына катышпай жатканы себеп болууда.
- Толук каралбай калган жагдайларды кайра сотко кайрылып карап берүүсүн өтүнгөнбүз. Аны Балыкчы шаардык соту колдоп берди. Бирок тиги тараптын адвокаты менен шаардын прокурору “бул өтүнүчтү колдобойбуз, жокко чыгаргыла” деп облустук сотко кайрылышты. Облустук чот чечимди биздин пайдабызга чыгарды. Ошону менен бүгүнкүгө Жогорку сотко келгенбиз. Келсек айыл өкмөтү “адвокатым жок” деп кетип калыптыр. Ушунча киши үй-жай, бала-чакасыбызды таштап, самсаалап жүрөбүз, - деди нааразы тараптардын бири.
Бул жагдай боюнча Жогорку соттун басма сөз кызматы адвокат келбей калгандыктан бул жолку отурум болбой, 13-февралга жылдырылганын билдирди. (AlS)