Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:51

Өкмөт бала бакча маселесин чечиш үчүн долбоор даярдап жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү бала бакчанын тартыштыгын менчик бала бакчалар менен кызматташуу аркылуу же мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде чечүүнү көздөп жатат. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова "Азаттык" радиосуна билдиргендей, бул багытта долбоор даярдалууда. 

Расмий маалыматтарга караганда, ушул тапта Кыргызстандагы 2-6 жаштагы 800 миңдей баланын 24% гана бала бакчага барат. Республика боюнча 1390 бала бакча иштеп жатат. Анын 1248и мамлекеттик жана муниципалдык, 142си жеке менчик. Басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында. Мамлекеттик бала бакчаларда тарбиялануучулардын саны нормадан эки эсе ашык. Бир гана баш калаа учурда 200дөн ашуун бала бакчага муктаж. 

Кыргызстанда 1990-жылдардын башында бала бакчалардын көбү менчиктештирилип кеткен. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, 2013-жылдан бери республика боюнча 209 имарат кайтарылып, 177си бала бакча катары ишке киргизилген. Айрымдарын мамлекетке өткөрүп алыш үчүн сот иштери бүтө элек, кээ бирлери ремонтко муктаж, имараты талкаланып, жер тилкеси гана калгандары бар. 

Азыр өлкө боюнча бала бакчаларда 10 миң 927 кызматкер эмгектенет. Анын 7141и тарбиячы. Орточо айлык 13 миң 824 миң сомду түзөт. Арасында 5 миң сомдун тегерегинде маяна алгандары бар. 

2018-жылдан тартып аймактарда 120 кыска мөөнөттүү бала бакчалар иштей баштады. Ага балдар үч саатка гана келип, бала бакчада өтүлгөн программаларды окушат. (KE\SE)

 

XS
SM
MD
LG