Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:51

«Түркмөн аба жолдору» Европанын «кара тизмесине» киргизилди


Түркмөнстандын учагы.
Түркмөнстандын учагы.

4-февралда Европанын Авиациялык коопсуздук агенттиги «Түркмөнстан аба жолдорун» "кара тизмеге" киргизип, авикомпаниянын учактарынын Европа өлкөлөрүнө учушуна, Европа Биримдигинин аба мейкиндигинен өтүшүнө тыюу салды. Бул тууралуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин сайтына жазылды.

Ушундан улам бир канча каттам токтотулду. "Independent" басылмасы билет сатып алган миңдеген адам жабыркашы мүмкүн экенин жазды. Британиянын Тышкы иштер министрлиги жабыркагандарга «Түркмөн аба жолдорунун» өкүлчүлүктөрүнө кайрылууну сунуш кылды.

«Түркмөнстан хроникасы» басылмасынын маалыматына караганда, түркмөн тарап кара тизмеден чыгыш үчүн эл аралык коопсуздук стандарттарын сактаганын ырастап бериши керек. Азырынча авиакомпаниянын кайсы стандарттарды бузганы белгисиз.

Европанын Авиациялык коопсуздук агенттиги Кыргызстандын авиакомпанияларын 2006-жылы "кара тизмеге" киргизген. Андан чыгуу аракети оң жыйынтык бере элек.

XS
SM
MD
LG