Дональд Трамп АКШнын аскерлери Сириядан чыгарыларын жарыялагандан көп өтпөй Пентагон "Ислам мамлекети" террордук тобу Сирияга кайра кириши мүмкүн экендиги тууралуу баяндама жарыялады.
4-февралдагы баяндамага ылайык, АКШнын кошуундары Сириядан кеткенден кийин жарым жылдан бир жылга чейинки аралыкта "Ислам мамлекети" тобу "колдон чыгарган аймактарды кайра ээлеши" ыктымал.
Пентагон аталган топ ай сайын дагы эле чет элдик ондогон жоочуларды жалдап, аларды Ирак менен Сирияга жөнөтүп жатканын белгилеген.
Баяндамада "Ислам мамлекети" тобу Сирияга караганда Иракта күчтөнүп жатканы айтылган. Андыктан Пентагон бул эки мамлекетте согушкерлерге каршы күрөшүүдө жергиликтүү армия АКШнын кошуундарынын көмөгүнө муктаж деп эсептейт.
2018-жылдын 18-декабрында АКШ президенти Дональд Трамп Сириядагы эки миңдей америкалык аскер кетерин айткан. Трамптын бул чечими АКШнын өнөктөштөрүн таң калтырып, Трамптын администрациясы да муну сындап келет.
Өлкө армиясынын басма сөз кызматы 11-январда Сириядагы АКШ жетектеген коалиция мамлекеттен аскерлерди чыгара баштаганын кабарлаган.