Вашингтондо жайгашкан "Freedom House" уюму АКШда демократиялык институттарга кысым күчөп баратканын эскертти. Уюмдун жаңы жарыяланган баяндамасында бул жалпы эле дүйнөдө саясий укуктарга жана жарандык эркиндикке «коркунуч туудурат» деп айтылат.
Дүйнөдөгү адам укуктарына көз салган уюм 68 мамлекетте демократиянын деңгээли төмөндөгөнүн, элүү өлкөдө демократиялык тенденциялар күчөгөнүн белгилейт.
5-февралда жарыяланган баяндамада Орусиядагы, Ирандагы, Азербайжандагы, Черногориядагы, Сербиядагы, Венгриядагы жана Борбор Азиянын мурдагы үч республикасындагы кырдаал сындалат. Бул өлкөлөрдө соңку 13 жылда мурдагы демократиялык жетишкендиктер солгундап баратканына көңүл бурулат.
Баяндамада ошондой эле АКШ "глобалдык стандарттарга жооп бергени" менен кийинки сегиз жылда мыйзам үстөмдүгү солгундап баратканы баса белгиленет. Трамптын "мыйзам үстөмдүгүнө, журналисттерге жана башка демократиянын нормалары менен принциптерине чабуул коюп жатканы анын солгундап баратканын көрсөтөт" деп айтылат. АКШдагы демократиянын деңгээли Грециядагы, Хорватиядагы жана Монголиядагыдай деп бааланган.