Париждин 16-округунда чыккан өрт сегиз адамдын өмүрүн алды. Жабыркагандардын саны 30дан ашты. Тилсиз жоо сегиз кабаттуу үйдө тутанган. Күбөлөрдүн айтымында, үйдүн тургундары балкондордон секирип, чатырга чыга качууга аракет кылышкан.
Тиешелүү кызматтар өрттү беш саатта гана толук өчүрүгө жетишкен. Франциянын баш калаасынын прокурору Реми Хейц "өрттү кимдир-бирөө атайылап коюшу мүмкүн" деген версия каралып жатканын билдирди.
"France Presse" маалымат агенттиги тергөөчүлөргө таянып, кылмышка шектүү катары ушул эле үйдө жашаган аял кармалганын жазды.