Бишкек мэриясында Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Уланбек Азыгалиев менен "Бишкек жашылдандыруу чарбасынын" директору Элнура Жолдошева жаңжалдашты.
Мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетова "Азаттыкка" билдиргендей, 4-февралда Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси шаардын 60 көчөсүн реконструкциялаш үчүн төрт миң түп даракты кыюуну сунуш кылган. Жолдошева эмне үчүн кыйыла турган дарактардын 3 миңи жаш көчөттөр экенине түшүндүрмө берүүнү сураган. Ушундан улам ортодо талаш чыгып, Жолдошева Азыгалиевге папкени ыргытып жиберген. Азыгалиев анын колунан кармаган. Узакка созулган сүйлөшүүдөн кийин тараптар элдешкен.
Гуля Алмамбетова дарактарды кыюу тууралуу сунуш акыркы чечим эмес экенин, планды бекитүүгө дагы үч ай бар экенин кошумчалады.
Расмий маалыматтарга ылайык, 2018-жылы Бишкекте 3 миңдей дарак кыйылган. Мэрия алардын ордуна 7 миң түп көчөт тигилерин билдирген.