Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:59

Булак: картөшкө сатуу боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн ортосунда келишим жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Картөшкө сатып алуу боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда өкмөттөр аралык келишимге кол коюлган эмес. Бул тууралуу өзбек өкмөтүндөгү ишенимдүү булактарга таянып, "Азаттыктын" Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, учурда өзбек ишкерлери картөшкөнү Пакистандан сатып алып жатышат.

«Кыргызстан картөшкөнү бизге экспорттогусу келерин билдирген. Бирок кыргыз картөшкөсү кымбат болгондуктан, ишкерлер Пакистандан арзаныраак алып келип жатышат. Азыр өзбек базарында картөшкө жетиштүү», - деп билдиришти маалымат булактары.

Кыргызстандын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелориация министрлигинин басма сөз кызматы муну тактап, анан комментарий берилерин айтты.

Буга чейин кыргыз өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн аймакты өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Максат Мусаев облуста 150 миң тонна картөшкө сатылбай турганын билдирген.

Былтыр өкмөттүн экспорт тууралуу убадасына ишенип, картөшкөнү көп айдап алган дыйкандар мээнети акталбай калганын айтып нааразы болуп жатышат. Былтыр картөшкөнүн дүң баасы 16 сом болсо, быйыл 4,5 сомдон сатылууда. Акыркы кездери айыл чарба министри Нурбек Мурашевдин дарегине сын күчөгөн.

XS
SM
MD
LG