"Лима тобуна" кирген мамлекеттер Венесуэланын армиясын оппозиция лидери, өзүн "утурумдук президент" деп жарыялаган Хуан Гуайдону колдоого чакырышты. Бул тууралуу Канаданын Тышкы иштер министрлиги дүйшөмбүдө жарыялаган 11 мамлекеттин бирдиктүү билдирүүсүндө айтылат. Документ Оттавада өткөн "Лима тобуна" кирген мамлекеттердин өкүлдөрүнүн катышуусунда кабыл алынган.
Бул топко кирген өлкөлөр Хуан Гуайдону жана Венесуэланын парламенти - Улуттук Ассамблеяны бул мамлекеттин расмий өкүлдөрү катары таанышты. "Лима тобундагылар" эл аралык коомчулукту Николас Мадуронун режимине чет жактарда каржылык жана соода сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүгө жана Венесуэланын активдерин колдонууга жол бербөөгө чакырышты.
Мадуро өзү топтун бул чакырыгын “күлкү келтирерлик” деп баалады. Канада венесуэлалыктарга жардам катары 35 миллион евро бөлөрүн билдирген. Каражат кризистен жабыркаган Венесуэла элине жана аларды кабыл алган коңшу мамлекеттерге жардам катары берилет.